Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Кара-Көлдө киши өлтүрүү үчүн шектүү аял кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Көл шаарынын 1983-жылы туулган М.А. аттуу аял тургуну киши өлтүрүү үчүн шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда 10-октябрдын кечинде Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпеген жол четинде токтоп турган автоунаада бир адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу өлгөн адамдын кекиртек тушуна учтуу буюм сайгыланганын аныктаган. Кишинин өлүгү табылган автоунаа күйүүчү май ташуучу ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа болгон.

Облустук башкармалыктын маалыматына караганда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Кылмышка шектүү катары кармалып, камакка алынган аялдын ысымын жана тарапкерлерин тактоо мүмкүн боло элек. (TB)

XS
SM
MD
LG