Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча соттолгон "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 12-октябрда өзү жаза өтөп жаткан абакка кайтып барды.
Атайын кызматтын билдирүүсүндө 6-октябрга караган түнү камактан мыйзамсыз бошотулуп, бирок өз ыктыяры менен кайтып барган Калиевди УКМКнын кызматкерлери ал отурган абакка жеткирген.
Айбек Калиев - Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бири. Сот аны 14 жылга эркинен ажыраткан. Ал Чүй облусунун Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.
УКМК 11-октябрда ЖЭБ боюнча соттолуп, 6-октябрдын түнү абактан мыйзамсыз чыгарылган "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун да кармалганын кабарлаган.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү массалык тополоң жана президенттик аппараттын, парламенттин, УКМКнын кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган.
Ошондо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыгып кетишкен.
Мындан тышкары бир катар башка адамдар да чыгып алышкан, алардын арасында 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министр болгону айтылган Садыр Жапаров да бар болчу. Жапаровдун жактоочулары анын бошонуусу жана шайлануусу мыйзамдуу болгонун белгилеп жатышат. Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептешүүдө.
Атамбаев жана анын тарапкерлери 10-октябрда кайра камалышты. (NT)