Тажикстандын авторитардык президенти Эмомали Рахмон алдын ала жыйынтыктар боюнча, 11-октябрда өткөн шайлоодо бешинчи ирет мамлекет башчылыкка шайланды.
Борбордук шайлоо комиссиясы 12-октябрда билдиргендей, Рахмонго шайлоочулардын дээрлик 91% добушун беришкен. Мекеменин башчысы Бахтиер Худоерзоданын айтымында, шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 85,4% катышкан.
Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келген Рахмон буга чейин төрт шайлоодо жеңип чыккан. Алардын бири дагы Батыш байкоочулары адилеттүү жана эркин өтпөгөнүн билдирип келишет.
Шайлоо коронавирус пандемиясынан улам мамлекет кризиске туш болуп турган маалды өттү. Орусияда эмгектенген миңдеген мигранттар кайтып, жумушсуз отурушат.
Бул шайлоого 68 жаштагы Рахмондон тышкары бийликчил партиялардан чыккан, коомчулукка көп деле белгисиз төрт талапкер - Коммунисттик партиядан Абдуллоев Миродж, Социалисттик партиядан Гаффорзода Абдухалим, Агрардык партиядан Латифзода Рустам, Экономикалык реформа партиясынан Рахматзода Рустам катышты.
Талдоочулар аларды шайлоого “көргөзмө үчүн эле” катышып жаткан талапкер катары мүнөздөштү. Анын үстүнө шайлоочулардын арасында Рахмондон башка талапкерлерди тааныгандары да аз.