Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

«Apple» 5G Интернетин колдонуучу iPhone 12 смартфонун жарыялады


«Apple» корпорациясынын башчысы Тим Кук жаңы смартфонун презентациялоодо.
«Apple» корпорациясынын башчысы Тим Кук жаңы смартфонун презентациялоодо.

«Apple» 5G Интернетин колдонуучу iPhone 12 смартфонун жарыялады. Бул телефон - корпорациянын бешинчи муундагы Интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү бар смартфону.

Жаңы смартфон мурдагысынан 11% ичке, 16% жеңил болот. iPhone 12нин диагоналы – 15,5 см. Телефон OLED-дисплейге ээ, сырты керамика менен капталган. «Reuters» агенттигинин маалыматына караганда бул смартфондун баасы 799 доллардан башталат.

«Интерфакс» агенттиги смартфон зымы жок кубат берүүчү «MagSafe» аппаратынан кубаттана аларын белгиледи.

Анын камерасы караңгыда да сапаттуу сүрөт, виде тартууга ылайыкташтырылган.

iPhone 12 кара, ак, кызыл, көк жана жашыл түстө чыгат.

XS
SM
MD
LG