Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Президент Жээнбеков: Парламент Садыр Жапаров боюнча маселеге мыйзам чегинде чекит коёт деп ишенем


Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка талапкер болгон Садыр Жапаров боюнча маселени ыкчам карап, ага мыйзам чегинде чекит коёт деп ишенет. Бул тууралуу мамлекет башчы 14-октябрда кыргызстандыктарга премьер-министрдин легитимдүүлүгүнө байланыштуу жиберген кайрылуусунда айтты.

Президент Жээнбеков саясатчы Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен кайра кароо тууралуу сунушун парламентке жөнөткөнүн билдирди. Ал Жогорку Кеңештин буга чейинки токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калганын айтты.

Жээнбеков өлкөдө абал тынч болушу жана өкмөттү башка мамлекеттердин таанышы үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл экенин кошумчалады.

Ошону менен катар президент маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши зарыл экенин белгиледи.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө 5-октябрдан тартып нааразылык акциялары башталып, саясий кризис курчуган. Парламенттин депутаттар тобу 6-октябрга караган түнү абактан бошонуп чыккан мурдагы депутат Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка тандаганын эки жолку чукул жыйынында жарыялаган. Бирок отурумда кворумга жетишилбеген шартта кабыл алынган бул чечимдер оппозициянын, президенттин жана айрым депутаттардын арасында күмөн жараткан.

Коомчулукта «Үмүт ыңкылабы» деп да аталган элдик толкундоодон кийин Жогорку Кеңеш алгачкы жолу кворум жетишилген шарттагы отурумун 13-октябрда гана өткөрө алды жана анда парламенттин жаңы спикери кылып Канатбек Исаевди шайлады.

Өкмөттү жана анын жаңы башчысын, курамын, түзүмүн, программасын бекитүү маселесин парламент президенттин сунушу менен бүгүн, 14-октябрда кайра караганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG