Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсанов камактан бошотулду


Эмилбек Кимсанов (Сүрөт анын социалдык түйүндөгү баракчасынан алынды).
Эмилбек Кимсанов (Сүрөт анын социалдык түйүндөгү баракчасынан алынды).

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон жазык иши токтотулду. Бул тууралуу 14-октябрда «Азаттыкка» ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Улан Ниязбеков билдирди.

Ал Кимсанов азыр боштондукта экенин, ага каршы арызданган тарап тосмо арыз жазып бергенин айтты.

Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Улан Зикиралиевдин токтому менен 6-октябрда камактан чыгарылганын «Азаттыкка» билдирди:

«Ал токтом боюнча кылмыш иши кыскартылган. Бир бөлүгү жабыркаган Автандил Конгантиев айыптоодон баш тартканына байланыштуу. Экинчи бөлүгү – Кимсановдун күнөөсү далилденбегени. 6-октябрда токтомдун негизинде Кимсанов бошотулду».

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин токмоктоо тууралуу арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өзүнө карата мындай дооматка комментарий берген эмес. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.

Кимсанов быйыл 22-фервалда Санкт-Петербург шаарында кармалган. Бишкекке жеткирилгенден кийин сот аны адегенде үй камагына чыгарып, 31-мартта тергөө абагына камаган. Баш калаадагы №1 тергөө абагынан Кимсанов кийин Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG