Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Садыр Жапаровдун тарапкерлери аянтка чогулушту


Бишкек шаарындагы эски аянт. Өкмөт Үйүнүн алды. 10-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек шаарындагы эски аянт. Өкмөт Үйүнүн алды. 10-октябрь, 2020-жыл.

«Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдиргендей, Бишкектеги эски аянтка Садыр Жапаровдун тарапкерлери топтолуп жатышат. Учурда ондогон кишилер президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин, Садыр Жапаровду премьер-министрликке тез арада дайындоону талап кылышууда.

Митингчилердин арасында Канатбек Исаевдин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалышына каршы пикирлер да айтылды. Негизинен топтолгондор парламенттин ушу тапта өтүп жаткан кезексиз жыйынынын жыйынтыгын күтө турганын билдирип жатышат.

Учурда Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселесин карап жатат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Ошол күнү өкмөт башчылыкка жапырт тополоң учурунда абактан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок бул отурумда кворум чогулбай калганы маалымдалган.

Парламенттин бир катар мүчөлөрү 10-октябрдагы кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду жана анын өкмөтүн бекитип бергени кабарланган, бирок анда кворум болбой калгандыгын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Феликс Кулов сыяктуу саясатчылар, юристтер айтып чыгышкан.

Жапаровдун өзү жана анан тарапташтары кворум болгонун жана мыйзамдуу шайланганын билдирип келишет.

Жогорку Кеңештин ал күнкү токтому катары сунушталган документти президент Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда артка кайтарган.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган. (NT/AiB)

XS
SM
MD
LG