Бул тууралуу түркиялык «Демирөрен» кабар агенттиги жазып чыкты. Жаңылыкка ылайык 13-октябрда Львов-Стамбул каттамы менен Стамбул аэропортуна келген кыргызстандык келиндин паспорту жасалма экени аныкталган. Келиндин жанында өзү менен кошо үч кичинекей кыз да болгон. Түрк полициясынын сурагында кыргызстандык келин көп жылдардан бери Украинада жашаганын, паспортун Кыргызстандан ата-энеси жасатып салып жибергенин жана мыйзамды бузбаганын айткан.
Түркиянын маалымат агенттиктери жасалма паспорт менен кармалган кыргызстандык келин үч кызы менен тергөө иши бүткөнчө Стамбулдагы убактылуу кармоо жайына камакка алынганын жазып чыгышкан.
Түркиянын Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык бул өлкөдө жасалма паспорт же документтер менен кармалган жаран эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорту менен бир канча адамдар кармалган. 2016-жылы Үрүмчүдөн Сауд Арабиясына Стамбул аркылуу транзит иретинде учуп бараткан уйгур улутундагы 98 киши Кыргызстандын жасалма паспортун алып жүрөт деген шек менен кармалган.
Аларга жасалма паспорт таап берген деген негизде Кыргызстандын төрт жараны да «Ататүрк» аэропортунда камакка алынган. Уйгур улутундагы жарандар Үрүмчүгө депортацияланган. (ElB)