Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Депутат Абдылдаев: Башкы прокуратура спикердин да, премьердин да маселесин карашы керек


Мыктыбек Абдылдаев.
Мыктыбек Абдылдаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстанда парламенттин жетекчилигине жана өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн адамдардын мыйзам менен мамилесинде маселе бар деп эсептейт. Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында сүйлөп жатып депутат Абдылдаев спикер Канатбек Исаевге жана премьерликке талапкер болгон Садыр Жапаровго байланыштуу бул көрүнүштү парадокс деп атады:

«Коомчулукта «Канатбек Кедейканович мурунку биринчи эпизоду боюнча акталды беле же мөөнөтү өтүп кеткени үчүнбү?» деген сөз болушу мүмкүн. «Мөөнөтү өтүп кетүү» дегени колдонулган. Бул реабилитация эмес. Бул «күнөө бар, бирок мейли, кете бер» дегени. Төрага тергөө алдында деген маселе бар. Мен билгенден «бул киши каякта экени белгисиз» деп кылмыш иши токтолуп калса керек эле. А бул жерде төрага болуп шайланып олтурат. Ошондуктан башкы прокурор бул абдан терең маселени көтөрүп, карашы керек. Төрага кынтыксыз болушу зарыл. Садыр Нуркожоевич, сиздики дагы».

Канатбек Исаев парламент төрагасы болуп 13-октябрда шайланган. Ал Абдылдаевдин айтканына мындайча жооп берди:

«Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эмес. Жогорку соттун «кылмыш курамы жок» деген чечими чыккан. Ал эми токтотулуп турган иш боюнча айтсам, мен Кыргызстанда жүрсөм, «каякта жүргөнү белгисиз» деп токтотмок беле? Ал туура эмес. Монтаж кылынган нерсени Алматыга жөнөткөнбүз. Ошонун корутундусу келгенге чейин кылмыш иши убактылуу токтотулуп турат».

Ал эми Садыр Жапаров кылмыш кылбаганын айтып, саясий туткун болгонун билдирди:

«Соттун чечими чыкты. Демек, мен соттолгон адам эмесмин. Ал эми тергөөгө кеткени «саясий буюртма» экенин бүтүндөй кыргыз журтчулугу билесиздер. Бир да факт болгон эмес. Эгер мен чыныгы кылмышкер болсом, минтип премьер болоюн деп бир бут аттап, басмак эмесмин. Мен кылмышкер эмесмин, саясий туткундагы адам болчумун».

Исаевге карата 2017-жылы «Коррупция», «Кылмышка даярдануу» «Калайман башаламандык» жана «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу» деген беренелердин негизинде иш козголгон. Ал бир жылча атайын кызматтын тергөө абагында отуруп, кийин бошотулган.

Жапаровго карата 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, облус жетекчисин барымтага алган» деген негизде иш козголуп, 2018-жылы 11,5 жылга кесилип, 2019-жылы ал жаза 10 жылдык жазага алмаштырылган.

Быйыл парламенттик шайлоодон кийин нааразылык башталганда 6-октябрда түрмөдөн бошотулган. 14-октябрда Жапаров парламентте Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды. Жогорку сот ал акталбаганын, иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG