Байкоңур космодромунан орусиялык космос кемеси учурулуп, орбитага чыкты. Кеме Эл аралык космос станциясынын орусиялык бөлүгүнө барып туташмакчы. Ал жакка орусиялык космонавттар Сегей Рыжиков жана Сергей Кудь-Сверчков, ошондой эле америкалык астронавт Кэтлин Рубинс жөнөштү. Алар орбитада 177 күн өткөрүп, 55 илимий эксперимент жүргүзүп, эки жолу ачык космоско чыгышмакчы. Буга чейин Рыжиков анын командасы станцияга ал жактагы мандемди аныктап, оңдош үчүн керектүү жабдыктарды жеткирерин айткан. Ушу тапта станцияда иштеп жаткан экипаж 22-октябрда кайтып келери пландалган.
Орусия космодромду Казакстандан 1994-жылдан бери ижарага алып келатат. Бул үчүн жылына 115 миллион доллар төлөйт.