Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Орусия АКШнын өзөктүк арсеналды тоңдуруу боюнча чакырыгын четке какты


Орусиянын баллистикалык «Авангард» ракетасы.
Орусиянын баллистикалык «Авангард» ракетасы.

АКШ президентинин курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Маршалл Биллиңсли Вашингтон чабуул коюучу стратегиялык куралды чектөөнү караган келишимди «кайсы бир мөөнөткө» узартууга даяр экенин билдирди. Бирок бул үчүн Орусия өзүнүн өзөктүк арсеналын «тоңдурууга» макул болууга тийиш. «Heritage Foundation» фондунда сүйлөгөн дипломат АКШ жана Орусия «эң жогорку деңгээлде» келишимди узартуу тууралуу «принципиалдуу макулдашууга» жетишкенин, маанилүү деталдарды талкуулоо гана калганын айтты.

2010-жылы Прагада ал кездеги президенттер Дмитрий Медведев менен Барак Обама кол койгон келишим - өзөктүк курал боюнча эки өлкө ортосундагы эң маанилүү документ. Анын мөөнөтү эмки жылы февралда соңуна чыгууда.

Дональд Трамптын администрациясы Кытай да ошол макулдашууга кошулууга тийиш деп эсептейт.

Келишимди узартуу маселеси өткөн жумада Хелсинкиде талкууланган.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын сунушун Москва кабыл ала албай турганын билдирип, муну менен Биллиңслинин принципиалдуу макулдашуу тууралуу сөздөрүн четке какты.

«Пикир келишпестиктер ушунча көп болуп турган кезде Вашингтондогу кызматташтар мындай теорияларды эмнеге негиздеп жатышканын түшүнө албайм», - деди Рябков РИА «Новости» агенттигине.

XS
SM
MD
LG