Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Бишкек: Валюта базарында доллар кескин кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар бүгүн, 14-октябрда бир күндө дээрлик бир сомго кымбаттады. Улуттук банк бекиткен расмий курс 79,65 сом бойдон турат. Ал эми валюта базарында эртең мененки саат сегизде 79,50 сом болсо, саат кечки төрткө карата 80,40 сомго жетти.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 13 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашуун доллар сатты. Бул аракет улуттук валютаны колдоо максатында жасалууда.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG