Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Достум: Тахир Юлдашевдин кызы террорчу топту башкарууда


Абдул Рашид Достум.
Абдул Рашид Достум.

Ооганстандагы өзбек улутундагы маршал Абдул Рашид Достум «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы башчысы Тахир Юлдашевдин Мукаррамхан аттуу кызы Тоолуу Бадахшан аймагындагы террорчу топту жетектеп турганын айтты.

Достум бул тууралуу Шыбырган шаарындагы эл менен жолугушканда билдиргенин «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлады.

Достум борбор азиялык жоочулар чөлкөмгө таасир этүү максатында Ооганстанга чогулуп калганын кошумчалаган. Ал террорчуларды коргогон «ээлери» бар экенин белгилеп, бирок алар ким экенин айткан жок.

Расмий Кабул Достумдун сөздөрүнө комментарий бере элек.

«Өзбекстан ислам кыймылы» көп мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда да террордук уюмдардын катарында. Аталган уюмдун мурдагы лидери Тахир Юлдашев 2009-жылдын 27-августунда Ооганстанда АКШнын дрон соккусунан көз жумганы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG