Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Милиция: Бишкекте түн тынч өттү


Бишкек.
Бишкек.

Бишкекте 15-октябрга караган түн тынч өттү, эч кандай окуялар катталган жок. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Мекеменин эртең мененки маалыматына караганда, борбор шаардагы коомдук жашоо кадимки нукта уланууда.

Коменданттык саат мөөнөтү аяктагандан кийин шаардын кире беришиндеги тосмолор ачылып, коомдук автотранспорт үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Талоончулук жана коомдук тартипти бузуу фактылары аныкталган жок.

Шаардын коопсуздугун ички иштер органдары элдик кошуундар менен бирге камсыз кылышты. Шаар күнү-түнү кайтарууда турат.

Президенттин жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин коменданттык саат эрежелери күчүндө болуп турат.

14-октябрь күнү Бишкекте эки жерде митинг өттү. Эски аянтта премьер-министр болуп дайындалган Садыр Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетишин талап кылып турушту. Ал эми «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында легитимдүү бийликти колдогон митинг өттү.

Мурдараак президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева мамлекет башчынын жарлыгы менен киргизилген өзгөчө абалдын талаптары аткарылбай, көчөдө адамдар топтошуп жүргөнүн, милициянын аларды жоопко тартуу аракети байкалбай жатканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG