Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Коронавирус дагы беш бейтаптын өмүрүн алды, 388 кишиден табылды


Кыргызстан, Бишкек. Коронавирусту аныктаган лаборатория. Сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстан, Бишкек. Коронавирусту аныктаган лаборатория. Сентябрь, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 15-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Анын экөө Баткен облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Бишкек шаарында катталды.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1099 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

15-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 388 кишиден жаңы аныкталып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 589ду түздү. Анын 45 080и сакайганы айтылды. Бир күндө 196 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2092 бейтап стационарда, 1847си үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG