Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Батукаев иши: Сот Салянованын өтүнүчүн четке какты


Аида Салянова. Архивдик сүрөт.
Аида Салянова. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралууда.

Салянованын жактоочулары «Азаттыкка» кабарлашкандай, адвокат 14-октябрдагы отурумда жараянга катышып жаткан прокурор Медер Абдышевди четтетүү тууралуу өтүнүч келтирди. Судья бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.

Салянованын тарапкерлери Абдышевдин ага кызмат боюнча жеке таарынычы бар экенин, андыктан иштин калыс каралышынан күмөн жаралып жатканын белгилешти. Прокурор бул жоромолдорго комментарий бере элек.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып тагылган. Алардын төртөөнө өкүм чыккан.

Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 14үнүн арасында Салянова да бар болчу, кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөгөнүн билдирген.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтооно 260 миң сомдон, төртөөнө 300 миң сомдон айып салды. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат, алардын бири мурдагы башкы прокурор Салянова.

Соттун кийинки отуруму 21-октябрга белгиленди. (RK)

XS
SM
MD
LG