Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Бишкектин эки жеринде митинг өтүүдө


Ысык-Көл мейманканасынын алдына чогулгандар. Бишкек шаары. 14-октябрь, 2020-жыл.
Ысык-Көл мейманканасынын алдына чогулгандар. Бишкек шаары. 14-октябрь, 2020-жыл.

Бишкектин эки жеринде ушу тапта премьер-министр Садыр Жапаровду колдоп, президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган митинг өтүп жатат.

Өкмөт Үйүнүн алдындагы Эски аянтта жана «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында өтүп жаткан акцияларда жүздөгөн адамдар чогулуп турат. Аларда президенттин кызматтан кетишинен тышкары парламенттин таркашын талап кылган жана 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо утуп чыккан партияларга каршы ураандар да айтылууда.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон саясий күчтөр 5-октябрда митингге чыгышкан. Ошондон бери өлкөдө саясий кризис орноп турат. 6-октябрга караган түнү тарапташтары түрмөдөн чыгарып алган мурдагы депутат Садыр Жапаровду Жогорку Кеңеш 14-октябрда өкмөт башчы кылып шайлады. Парламенттин бул токтомун президент Сооронбай Жээнбеков бекитип берди.

14-октябрда Жапаров тарапкерлери менен жолугушууда Жээнбековдун отставкасы боюнча маселе 15-октябрда чечилерине убада берген.

Бүгүн 15-октябрда президент менен премьердин жолугушуусу Жапаровдун ден соолугуна байланыштуу өтпөй жатканы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG