Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Италияда Аблязовдун аялын депортация кылгандар кесилди


Алма Шалабаева кызы менен.
Алма Шалабаева кызы менен.

Италиянын Перужа шаарынын соту 2013-жылы казакстандык оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун жубайы Алма Шалабаеваны Казакстанга депортациялоого байланышы бар мурдагы кызмат адамдарына өкүм чыгарды.

«La Repubblica» гезити 14-октябрда жазгандай, Италия полициясынын ыкчам кызматынын мурдагы жетекчиси Ренато Кортезе, Римдин миграция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Маурицио Импорта беш жылга эркинен ажыратылып, мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды. Ушундай эле жазага дагы эки жогорку кызматкер тартылды. Миграция кызматынын дагы эки мурдагы кызматкери төрт жана 3,5 жарым жылга кесилди. Гезит бардыгы болуп жети кишиге айып коюлганын жазды.

Шалабаева 2013-жылдын 31-майында жашы жете элек кызы менен Италиядан депортация болгон. Анын алдында Аблязовдун өзүн кармоо операциясы жүргөн, бирок ал Италиядан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Шалабаеванын кармалып, Казакстанга жөнөтүлүшү Италияда саясий жаңжалга алып келген. Ички иштер министрлиги депортация боюнча чечимди жокко чыгарып, прокуратура тергөө ишин баштаган.

Ошол эле жылдын аягында Шалабаева кызы менен Италияга келип, кийин качкын статусун алган. Аблязов аялын депортациялоонун артында казак бийлиги турганын айтып келди.

XS
SM
MD
LG