Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Абдрахматова: Жогорку Кеңеш жоопкерчилигин сезип, иштөөгө тийиш


Атыр Абдрахматова, БШКнын мүчөсү.
Атыр Абдрахматова, БШКнын мүчөсү.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы депутаттары таркабашы керек экенин, алардан тарап кетүүнү талап кылуу туура эмес болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди.

«Азыркы учур бул элдин талабы. Бирок айтылган талаптарды аткаруунун аркасы менен, азыр парламент таркайбыз деп туруп, кошо өкмөттү жоюп, кетип калышса, эмне кылабыз? Мамлекетте анда бир да мыйзамдуу бийлик бутагы калбай калышы мүмкүн. Кайтадан саясий-укуктук туңгуюкка келип калабыз. Ошондуктан Жогорку Кеңеш шайлоонун аркасы менен жаңыланышы керек».

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү мыйзам боюнча октябрь айынын аягында ишин жыйынтыктамак. Бирок 4-октябрда жетинчи чакырылыштын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык митинги массалык башаламандыкка айланып, өлкө саясий кризиске кабылган. 6-октябр күнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышып, абактагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да тарапташтары бошотуп алышкан.

Көп өтпөй кайсы бир саясий күчтөр тарабынан өкмө башчылыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн Садыр Жапаровду бул кызматка бекитиш үчүн Жогорку Кеңеш эки жолу кезексиз, бир жолу кезектеги жыйынга чогулууга аракет кылган. Эки кезексиз жыйын кворум болбогону үчүн жокко чыгарылып, анда шайланган Садыр Жапаровдун талапкерлиги жокко чыгарылган. Акыры 14-октябрда парламент Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитип, анын өкмөтүнүн курамына жана түзүмүнө макулдугун берген. Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Жапаров андан кийин Жээнбековду президенттик кызматтан кетишин талап кыла баштаган. Натыйжада Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда мекендин тынчтыгы жана элдин өмүрү үчүн президенттик кызматтан баш тартарын жарыялады. Садыр Жапаровдун тарапташтары эми Жогорку Кеңештин тарап кетишин жана анын төрагасы Канатбек Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG