Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ЖМК: Эмомали Рахмон 30-октябрда ант берет


Эмомали Рахмон.
Эмомали Рахмон.

Тажикстанда бешинчи ирет президенттикке шайланган Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрда болот. Бул тууралуу «АзияПлюс» басылмасы парламенттеги булактарына таянып жазды.

Ант берүү аземи алгач «Кухи Сомон» сарайында, андан соң Улуттук сарайда болору айтылууда.

«Кухи Сомон» сарайында Рахмон ант берет, Улуттук сарайда ага президенттик символдор - байрак жана күбөлүк тапшырылат. Андан соң Дүйшөмбүдөгү борбордук аянтта аскердик парад өтөт.

Иннауграцияга чет элден коноктор чакырылган эмес.

Тажикстанда 11-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон шайлоочулардын 90% ашуун добушун алганы айтылган.

Өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон буга чейинки төрт шайлоодо да утуп чыккан. Бирок Батыш мамлекеттеринин байкоочулары бир да шайлоо калыс өтпөгөнүн айтып келишет.

XS
SM
MD
LG