Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Жогорку Кеңеш президент Жээнбековдун кызматтан кетүү жөнүндө билдирүүсүн укту (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ушу тапта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп жатат. Анда каралып жаткан маселелердин бири - президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши.

Жогорку Кеңешке келген президент Сооронбай Жээнбеков депутаттардын алдында сүйлөп жатып, 6-октябрдагы окуядан кийин өлкөнү мыйзам нугуна кайтаруу, элдин тынчтыгы үчүн болгон күч-аракетин жумшаганын айтты. Ал жарандык коом менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракети үчүн ыраазычылык билдирди. Бишкек шаарын кайтарган элдик кошуундарга рахматын айтты.

Жээнбеков Орусия, Казакстан, АКШ, Британия өлкөлөрүнө, Бириккен Улуттар Уюмуна, Европа Биримдигине кайдыгер карабагандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Элдин биримдиги, ар бир адамдын өмүрү кызмат ордунан кымбат экенин белгиледи.

«Кудай алдында жана элдин алдында жүзүм жарык» деди кызматтан кетип жаткан президент.

Ал жаңы бийликке ийгилик каалап, Кытай менен байланыштырган темир жолун куруу боюнча иш башталганын, бул долбоор Кыргызстан үчүн керек экенин айтып, аны ийгиликтүү ишке ашырууга чакырды.

Ушул эле жыйында сөз сүйлөгөн премьер-министр Садыр Жапаров бир-эки сааттан кийин жалпы элге кайрылуу жасай турганын айтты.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент бийликтен кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тарканын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG