Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

COVID-19: Төрт бейтап кайтыш болду, вирус 431 кишиден табылды


Коронавирусту аныктаган лаборатория. Кыргызстан, Бишкек шаары.
Коронавирусту аныктаган лаборатория. Кыргызстан, Бишкек шаары.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 16-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы төрт киши кайтыш болду.

Анын экөө Баткен облусунда, экөө Ош облусунда катталды.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1103 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

16-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 431 кишиден жаңы аныкталып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51 020 адамды түздү. Анын 45 288и сакайганы айтылды. Бир күндө 208 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2202 бейтап стационарда, 1951и үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG