Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Текебаев: Тарых алдында эбегейсиз бийликке ээ Жапаровдукунан кем эмес Ташиевдин жоопкерчилиги бар (видео)


Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров, «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов. 19-июнь, 2013-жыл.
Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров, «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов. 19-июнь, 2013-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын кайтарып алган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаровго кайрылып, "президенттик, өкмөттүк, керек болсо парламенттик" бийлик эле эмес, элдин ишениминен, үмүтүнөн турган эбегейсиз бийликке ээ болгонун белгиледи. Бул эбегейсиз чоң жүк экенин айтып, кийинки парламент келгенге чейин Жапаровдун ойлорун, реформаларын ишке ашырууга көмөктөшүүгө депутаттарды чакырды.

Депутат Текебаев ошондой эле Жапаровду саясий Олимптин чокусуна жеткирген досу, саясатчы Камчыбек Ташиевди белгилеп, анын тарых алдындагы жоопкерчилиги Садыр Жапаровдукунан кем эмес экендигин белгиледи:

«Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын «доссекретарь» деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берип, жумуштан бошотсоң болот эле. «Доссекретарды» алмаштыра, кутула албайсың. Буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби эбегейсиз бийликти өз колуна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору жана туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол жакындары, достору түрткөн. Бул, Садыр Нуркожоевич, сизге, сиздин командага чоң сабак болушу керек. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин жоопкерчилигиңиз Садыр Нуркожоевичтикинен тарых алдында кем эмес, балким, андан да жогору».

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган. 15-октябрда президент кызматтан кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартканын жарыялаган.

Жогорку Кеңеш 16-октябрда Жээнбековдун кызматтан кетишин кабыл алды. (RK)

XS
SM
MD
LG