Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Улут графасын паспорттон алып таштаган өкмөттүн чечими Конституцияга каршы деп табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы улут графасын жарандык паспорттон (ID картадан) алып салган кыргыз өкмөтүнүн чечимине каршы даттанган «Улутуңду унутпа!» кыймылынын пайдасына чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган палата бүгүн, 16-октябрда тараткан маалыматтан белгилүү болду.

Маалыматка караганда 2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте гана камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тапты.

Мекеменин түшүндүрмөсүнө ылайык, жарандын кайсы бир этноско таандыктыгын эркин көрсөтүү укугу Конституцияга ылайык эч нерсе менен чектелбес укуктардын катарына кирет. Ал эми кайсы бир этноско таандыктыгын текст түрүндө көрсөтүү мүмкүндүгүн бербөө жарандын ким экендигин OD картада да жарыялоо укугун тикелей бузуу болуп саналат. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинде каралган ар кимдин өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоо жана көрсөтүү укугуна кепилдик бузулуп жатканы чечимде белгиленген.

Кыргыз паспортунан жарандын этносун көрсөткөн графанын жоюлушуна каршы түзүлгөн «Улутуңду унутпа!» кыймылынын мүчөлөрү 2017-жылдын 3-июлунда Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына улуттук паспортко жарандын улутун көрсөтүп жазууну талап кылган арыз беришкен. Арызда өкмөттүн жарандын улуту жазылбаган жаңы үлгүдөгү паспортун чыгарууну бекиткен 3-апрелдеги №197 токтому жарандардын конституциялык укугун бузат деп белгиленип, аны жокко чыгаруу жөнүндө талап коюлган.

Премьер-министр Садыр Жапаров да 15-октябрдагы басма сөз жыйынында ID картага улут графасы кайра киргизилгенин, ал алдыдагы 60-90 күн аралыгында ишке аша баштай турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянып билдирген.

Жаңы үлгүдөгү паспортто жарандын улутун ID картада ачык түрүндө көрсөтүлбөй тургандыгын 2016-жылы жарыяланган. Бул ыкма коомчулукта ар кандай кайчы пикирлерди жаратып келаткан.

XS
SM
MD
LG