Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Паспортто улутту жазууну талап кылгандар сотко арыз беришти


Паспортто улутту жазууну талап кылгандар сотко арыз беришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына улуттук паспортко жарандын улутун көрсөтүп жазууну талап кылган арыз берилди. Арызга коомдук ишмерлер Азимбек Бекназаров, Шамшыбек Медетбеков жана Жыргалбек Касаболотов талап кылган жаран катары кол коюшту. Алар арызды 96 саясий партия жана коомдук уюмдардын делегаттары катышып, 23-майда өткөн Элдик курултайда кабыл алган чечимди аткаруу үчүн беришкендигин жарыя кылышты. Арызда өкмөттүн жарандын улуту жазылбаган жаңы үлгүдөгү паспортун чыгарууну бекиткен 3-апрелдеги №197 токтому жарандардын конституциялык укугун бузат деп белгиленип, аны жокко чыгаруу талабы коюлду. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Конституциялык палата арызды алдыдагы 5 айдын ичинде карап, чечим кабыл алыш керек. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү паспортто жарандын улутун көрсөтүлбөй тургандыгын 2016 жылы жарыя кылган. Мындай маалымат коомдо кызуу талкуу жаратып, “Улутуңду унутпа” деген кыймыл түзүлгөн жана бул маселе Элдик курултай уюмунун бир нече жолку жыйынында талкууланган. Ал эми жаңы үлгүдөгү паспорт ушул жылдын 1-майынан баштап бериле баштаган.

XS
SM
MD
LG