Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Депутат Сулайманов: 5-октябрдагы митингдин талабы толук аткарыла элек


Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын лидери.

Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылышына жана өлкөдөгү соңку саясий өзгөрүүлөргө негиз болуп берген 5-октябрдагы митингдин талаптары толук аткарыла элек. Бул тууралуу 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сүйлөп жатып депутат, "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Ал шайлоо мыйзамдары өзгөрсө бул жараянды калыс жана таза өткөрүүгө шарт түзүлөрүн белгилеп, парламент маселени кароого кирише электигин белгиледи:

“Жаштар «5-октябрда эмне үчүн чоң толкундоо болду? Бир гана шайлоо адилетсиз өткөнү үчүн баарыбыз аянтка чыктык. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ошондон бери парламент үч жолу чогулуп премьер-министрди, эки жолу спикерди шайладыңар, шайлоого себеп болгон негизги кемчиликти ондоонун ордуна силер бири-бириңер менен урушуп-жакалашып, элдин жана жаштардын кызыкчылыгын четке кагып жатасыңар» деп айтып жатышат. Бул менин жеке кызыкчылыгым эмес, жаштардын кемчиликти оңдоо үчүн өзгөртүү киргизүү талабы. Мурда ушуну көтөргөнүбүздө болбой койгонсуздар. Жетиге (пайыздык босого - ред.) араң түшүргөнбүз. Форма-2 боюнча жакалашканга чейин барганбыз. Жыйынтыгы эмне болду? Ушуну менен эми жаңы шайлоого бармак белек? Оңдоп берели.»

Сулайманов буга чейин да шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллионго түшүрүү, №2 форманы жок кылуу сунуштарын айткан.

Бул демилгесине байланыштуу 14-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков менен чырдаша кеткен. Керезбеков журналисттерге №2 форма боюнча маселе мурда комитетте каралганын, бирок жалпы жыйында колдоо таппай койгонун билдирген.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Анда жарым миллионго жакын шайлоочу добушун №2 форма менен бергени добуш сатып алуу катары бааланган. Азыркы мыйзам боюнча, парламенттик шайлоодо добуштардын жети пайызынан көбүн алган партиялар гана өтө алат. Соңку шайлоодо ушул жагдайлар адилетсиздикке себеп болгонун айткан он чакты партия 5-октябрда нааразылык митингин уюштурган. Өлкөдө саясий кризис жаралган.

Азыр Кыргызстан парламентти жана президентти кайра шайлоонун алдында турат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG