Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:14

АКШ: президенттикке талапкерлер дебаттын ордуна жолугушуу өткөрдү


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байден эки башка жерде бир убакта шайлоочулары менен жолукту. Алардын жолугушуусу телеканалдардан түз көрсөтүлдү. Байден Филаделфиядагы жолугушуусу ABC каналынан көрсөтүлсө, ошол эле учурда Трамптын Майамидеги тарапкерлеринин алдындагы сөзүн NBC каналы чагылдырды.

Бул жолугушуу бейшембиге пландалган талапкерлердин теледебатынын ордуна уюштурулду. Бирок жакында коронавирустан айыккан Дональд Трамп дебатка катышуудан баш тарткан болчу.

Майамиде ачык асман алдындагы жолугушууда Трампка анын саламаттыгы, салыктык төлөмдөр, саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу жаатындагы реформалар, Жогорку соттун судьясын дайындоо боюнча суроолор берилди.

Дональд Трамп 3-ноябрдагы шайлоодо жеңилип кала турган болсо бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө убада берип, бирок кайра шайланарына ишене турганын билдирди.

Демократиялык партиядан талапкер болгон Жо Байдендин жолугушуусу болсо Филаделфиядагы Улуттук конституциялык борбордо өттү. Ал Трамптын пандемияга каршы күрөш боюнча чечимдерин сындады.

Байден эгер Дональд Трамп Жогорку соттун судьялыгына сунуш кылган Кони Баррет шайлоого чейин бекитиле турган болсо, президенттикке келгенден кийин Жогорку соттун курамындагы идеологиялык тең салмактуулукту сакташ үчүн чечимдерди кабыл аларын билдирди. Ал азыркы президентти АКШнын тышкы саясатындагы каталар үчүн сынга алды.

Эми талапкерлердин финалдык дебаты 22-октябрга белгиленген. Ал Теннеси штатынын Нэшвилл шаарында өтүшү керек.

«Reuters / Ipsos» агенттиктери жүргүзгөн социалдык сурамжылоолор боюнча Байден алдыда баратат.

XS
SM
MD
LG