Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Ташиев президенттик шайлоого барар-барбасын ачык айткан жок


Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы.
Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жаңы жетекчи болуп дайындалган Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышар-катышпасын ачык айткан жок. 16-октябрда мекеменин жетекчиси катары өткөргөн алгачкы басма сөз жыйынында Ташиев журналисттердин: «Сиз президенттик шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:

«Бул ачык кала турган саясий маселе. Азыр мен УКМКнын төрагасы болуп дайындалдым. Бул жумушумду мыйзам негизинде аткарам. Партияга байланыштуу иштердин баарынан кетем. Кайсы бир компания же фирмаларда үлүшүм болсо кетип, толук бойдон ишиме киришем».

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте өткөн нааразылык акциясы өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматынан баш тартты. Премьер-министрлик кызматка 6-октябрга караган түнү түрмөдөн бошотулган Садыр Жапаров келди.

16-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте сүйлөп жатып Ташиевди досу Жапаровду саясий Олимптин чокусуна жеткирген адам деп, тарых алдында Ташиевдин жоопкерчилиги бар экенин айткан.

Президенттик жаңы шайлоо үч ай ичинде өтүшү зарыл. БШК Конституция боюнча азыр президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого бара албай турганын билдирди. Социалдык түйүндөрдө бул кызматка Ташиев барышы ыктымал деген жоромолдор айтылууда.

Ташиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясын баштап катышкан. Бул партия шайлоо босогосунан өткөн эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG