Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Ташкентте коомдук транспортто колкап кийүү милдеттендирилет


19-октябрдан баштап Ташкентте коомдук транспортто жана таксиде жүргөндөргө беткаптан тышкары колкап кийүү да милдеттендирилет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги маалымат таратып, эпидемиологиялык кырдаалдан улам ушундай эрежелер кирип жатканын билдирди. Анын аткарылышын укук-тартип органдары көзөмөлгө алат.

Фергана облустук Ички иштер башкармалыгы көчөдө беткап кийбей жүргөндөрдү видеокөзөмөл аркылуу аныктап, айыппул салуу тажрыйбасы колдонуларын эскертти.

Өзбекстанда 17-октябрь саат 9:00гө карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 62588 кишиге жетти. Алардын 59624сы айыгып, 520сы жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG