Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:37

Францияда «Charlie Hebdo» чыгарган карикатураны окуучуларга көрсөткөн мугалим өлтүрүлдү


Окуя болгон жердеги полиция кызматкерлери. Париждин Конфланс-Сен-Онорин конушу. 16-октябрь, 2020-жыл.

Француз полициясы Париждин Конфланс-Сен-Онорин конушундагы мектеп мугалиминин теракт мүнөзүндөгү өлүмүн иликтеп жатат.

Француз маалымат каражаттары мугалим ырайымсыздык менен өлтүрүлгөнүн кабарлашты. Кылмышкерди полиция өлтүрдү.

Кол салган адам маркумдун денесинин сүрөтүн «Твиттерге» чыгарган жана кылмыш үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Ал өзү ырайымсыздык менен өлтүргөн мугалимди «Мухаммед пайгамбарды шылдың кылган» деп айыптаган. Анын «Твиттердеги» аккаунту өчүрүлдү.

«Le Monde» басылмасы полиция мугалимди өлтүргөн адамдын тек-жайын тактаганын кабарлады. Ал Москвада төрөлгөн 18 жаштагы чечен улутундагы адам экени айтылууда. Башка бир катар маалымат каражаттары да ушундай кабар жазганы менен азырынча расмий тастыкталган жок.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, мугалим окуучуларга сөз эркиндиги темасын талкуулап, аларга пайгамбардын француз басылмаларында чыккан карикатурасын мисал катары көрсөткөн.

Өлкө бийлиги бул кылмышты катуу айыптады. Президент Эммануэл Макрон трагедия болгон жерге 16-октябрда кечинде барды.

  • «Charlie Hebdo» журналы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарганы үчүн басылманын дарегине такай опузалар болуп турат. 2015-жылдын 7-январында журналдын кеңсесине ага-ини Саид жана Шариф Куаши кол салып, 12 адам көз жумган.
  • «Charlie Hebdo» журналы бул теракттан кийин да бир канча жолу Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарды. Акыркы жолу 2020-жылдын сентябрында, беш жыл мурун басылмага коюлган чабуул боюнча сот башталганда да карикатура жарыялаган.
  • «Charlie Hebdo» Чеченстандагы кумсаларды басмырлоо темасында Рамзан Кадыровдун элеси менен да карикатура чыгарган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG