Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-октябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Бишкектеги башаламандыкта жараат алган 176 милиция ооруканада жатат


Ички иштер министри Улан Ниязбеков ооруканада жаткан күч кызматкерлери менен жолукту.

Кыргызстанда 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги элдик толкундоолор жана башаламандыктар маалында ички иштер органдарынын 626 кызматкери жарадар болду. Анын ичинен ушул тапта 176 кызматкер ооруканада жатат. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы калгандары үйүндө дарыланып жатканын билдирди.

17-октябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ооруканадагы күч кызматкерлерине жолугуп, алардын абалы менен таанышты. Аларга материалдык жактан колдоо болорун убада кылды.

5-октябрда кечкурун парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн мөөнөтсүз митинги тирешүүлөр жана массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алып, УКМКныи имаратын камалоого алган.

Милиция менен ыңкылапка чыккан элдин кагылышуусу маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болду. Андан тышкары жүздөгөн адамдар ооруканага кайрылган. Көбүнүн көзүнө, башына, денесине желим ок тийген, сабалгандары да болгон. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул окуяларды маркум Ү.Алтынбек уулунун ысымына да байланыштырып, "Үмүт ыңкылабы" деп атоону сунушташкан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG