Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Азербайжандын экинчи ири шаары ракеталык соккуга кабылганы айтылууда


Ганжа шаарында 17-октябрга караган түнү тартылган сүрөт.
Ганжа шаарында 17-октябрга караган түнү тартылган сүрөт.

Азербайжан бийлиги экинчи ири шаары - Ганжа калаасына ракета соккусу урулганы тууралуу маалымдады.

Сокку Армения тараптан тактикалык ракета комплексинен атылганы айтылууда. Ереван муну четке какты.

Тоолуу Карабактын жетекчилиги борбор Степанакертке жана башка конуштар аткылоого кабылганын билдирди.

Мурдараак Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрдан бери азери күчтөрү Тоолуу Карабактагы 40 конушту ээлегенин Түркиянын NTV каналына берген интервьюсунда айткан.

17-октябрда Тоолуу Карабак аймагында Армениянын Куралдуу күчтөрүнө таандык "Су-25" учагы атып түшүрүлгөнүн Азербайжандын Коргоо министрлиги кабарлап, учак Жабраил районундагы азери аскерлеринин турумуна сокку урууга аракет кылганын маалымдаган.

Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян бул маалыматты дезинформация деп сыпаттап, "Фейсбукка" жазды.

Тоолуу Карабак 1988-1994-жылдардагы уруштан соң өзүн Азербайжандан көз карандысыз деп жарыялаган. Ошондон бери аймакты этникалык армян кошуундары башкарат. Ал жактагы жүз миңдеген азербайжан улутундагы кишилери согуш качкындарына айланган.

2020-жылдын 27-сентябрында аймактагы чыңалуу кайра күчөп, киши өлүмү коштолгон жаңжал болууда.

XS
SM
MD
LG