Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:00

Минскидеги жүрүш кайрадан кармоолор менен коштолду


Лукашенкого каршы жүрүш. Минск, 18-октябрь 2020-жыл
Лукашенкого каршы жүрүш. Минск, 18-октябрь 2020-жыл

Беларуста жекшембиде миңдеген киши бийликтин ок атуу эскертүүсүнө карабай кайрадан Александр Лукашенконун автократтык режимине каршы тынч митингге чыгышты. Минск жана башка шаарларда массалык кармоолор болгону кабарланууда.

Атайын күчтөр, Ички иштер министрлигинин аскерлери жана милиция акцияга чейин эле башкалаанын борборуна жайгаштырылган.

Демонстрацияга чыккандар Минскиде оппозициянын желегин кармап жүрүш жасашты. Күч түзүмдөрү жолдорду тороп жатышты. Акциялар Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоону өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени жарыялангандан бери уланып келатат. Демонстранттар добуш берүү бурмаланганын айтып көчөлөргө чыгышкан. Шайлоодон кийин Литвага кетүүгө аргасыз болгон Свтелана Тихановская жана тарапташтары Лукашенкону 25-октябрга чейин бийликтен кетүүгө чакырып, андай болбосо иш таштоо башталарын эскертишкен. Еврошаркет жана АКШ Лукашенкону легитимдүү лидер катары таануудан баш тартышууда.

Беларус ички иштер министринин биринчи орун басары Геннадий Казакевич 12-октябрда «керек болсо коопсуздук күчтөрү атайын техника жана курал колдонушарын» эскерткен. Буга чейин демонстранттарга каршы суу аткычтар, желим ок жана кулак тундурган гранаталарды кодонуп келишкен.

XS
SM
MD
LG