Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Жалал-Абадда 28 жаштагы келин үч эм төрөп, Баатыр эне болду


Үч эм наристелер. Иллюстрациялык сүрөт.

16-октябрда Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келди. Төрөт үйүнүн жетекчилиги ырастагандай, Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылынын 1992-жылы туулган тургуну Аксана Омокова үч эм төрөдү. Ымыркайлардын улуусу 2 кг 400 грамм, экинчиси 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү 3 кг 100 грамм болуп төрөлгөн.

Балдардын жана эненин абалы жакшы. Аксананын үч эмден тышкары дагы үч уул, бир кызы бар.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат. (TB)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG