COVID-19 вирусу менен ооруган бейтаптарды дарылаш үчүн Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларды ачты. Стационарлар негизинен шаардагы төрт райондогу мектептерде ачылды. Жалпысынан сегиз мектепте 440 койкалуу стационарлар күндүз бейтаптарды кабыл алууда.
Мэриянын маалыматына караганда кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектер жана жеке коргонуучу каражаттар камдалган.
Кыргызстанда күз ортолой коронавирус илдетине чалдыккан адамдар көбөйүүдө. Штабдын 18-октябрга карата берген маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен үч адам каза болду.
Коронавирус акыркы суткада дагы 554 кишиден жаңы аныкталды. Мурда ооругандардын 227си айыкты.
Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 044 адамды түздү. Анын 1111и жашоо менен кош айтышып, 45 736сы сакайды. (ZKo)