Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук тартибин коргоо органдарынын толук көзөмөлүндө. Бул тууралуу 19-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме «өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук тартибин коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат» деп билдирди.
ИИМдин маалыматына караганда, 18-октябрга карата Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине бир күндө 138 кылмыш жана 107 жорук каттоого алынды.
Милиция жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келди. Шайлоодон кийинки күндөрү Бишкекте башаламандык катталган. (RK)