«Адилет» укуктук клиникасы Кыргызстандын мыйзамдарында президент кызматтан кеткен учурда жогорку бийлик жетекчилеринин ортосунда анын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жагынан укуктук кемчилик бар деп эсептейт. Мындай тыянакты уюм тиешелүү мыйзамдарга талдоо жүргүзгөндөн кийин келгенин өзүнүн И нтернеттеги сайтына жарыялады.
Уюм бул кемчиликти жоюу жана конституциялык жоболорду ар кандай чечмелөөгө жол бербөө үчүн мыйзамдарга толуктоо киргизүү керек экенин билдирди.
Уюмдун билдирүүсүндө мыйзамдарда парламент төрагасы президенттин милдетин аткара албай калган негиздер жана жагдайлар да, бул милдетти аткаруудан баш тартууга шарттар да жазылбаганы белгиленди.
Уюм маалымат каражаттарына таянып, президент Сооронбай Жээнбеков15-октябрда кызматтан кеткенин, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев аткарып, бирок бир нече сааттан кийин андан баш тартканын, кечирээк ЖК президенттин милдетин премьер-министр Садыр Жапаровго ыйгарганын белгилеген.
Ошону менен катар «Адилет» клиникасынын билдирүүсүндө президенттин милдетин аткарып жаткан кызмат адамы Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, өкмөттү кызматтан кетирүүгө жана мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышууга укугу жок экени Баш мыйзамдын 68-беренесинде жазылганы белгиленди.
Уюм кошумчалагандай, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо анын ыйгарым укуктары токтогон күндөн тартып үч ай ичинде өткөрүлүшү зарыл.
4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келди. 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенин жарыялады. Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тарткандыктан, азыр президенттик ишти премьер-министр Садыр Жапаров жүргүзүүдө. (RK)