Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна Нурлан Мамытов төрага болду


Кыргызстан менен Орусиянын желектери.
Кыргызстан менен Орусиянын желектери.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Мамытов дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу 19-октябрда кабарланды.

Ачык маалыматтарга караганда Нурлан Мамытов 2013-2017-жылдары "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун директору болуп иштеген. Аны биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков фонддун жамаатына иш билги адис катары тааныштырды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Акыркы маалыматтарга караганда бул аралыкта фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жобосуна ылайык анын башкармалыгынын төрагасы үч жылда бир алмашып турат. Төраганы кыргыз өкмөтү дайындайт.

2014-2016-жылдары фондду Нурсулуу Ахмедова, андан кийин бир жыл Кубанычбек Кулматов, 2020-жылдын февралына чейин Эркин Асрандиев жетектеген. Андан бери Азиз Аалиев жетектеп келаткан.(NT)

XS
SM
MD
LG