Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Навальный Орусияга кайтууга Кремль тоскоол болуп жатканын билдирди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Кремль анын мекенине кайтышына тоскоол болуп жатканын айтып чыкты. Ал 18-октябрда америкалык СBS каналындагы маегинде жакынкы бир нече ай ичинде Орусияга кайтып барып, өз ишин улантууга ниеттенип жатканын билдирген.

Навальный америкалык журналисттер менен учурда дарылануусун улантып жаткан Германиянын борбору Берлинде баарлашкан.

Ал күн сайын реабилитациялык борборго барып жатканын жана ден соолугу жакшы боло элек экенин билдирген. Навальный уулануусу тууралуу божомолун да айтып, Томскидеги мейманканада табылган шишеге шыбалган уудан уланышы мүмкүн экенин ачыктаган.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулуп, 32 күндөн ашык дарыланып чыкты. Немис өкмөтү Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Бул маалыматты Европадагы бир нече көз каранды эмес лаборатория, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу уюму да ырастаган.

Өткөн аптада Европа Биримдиги жана Улуу Британия Навальныйды ууландырууга тиешеси бар деп шек саналган алты орусиялык аткаминердин банк эсептерин токтотуп, өз аймагына кирүүгө тыюу салды.

Акыркы маегинде Алексей Навальный өзүн ууландыруудан соң АКШнын жетекчилиги бул аракетти катуу айыптабаганын белгилеп, өкүнүчүн билдирген.

Буга чейин Орусиянын бийлиги Навальныйды ууландырууга тиешеси жок экенин билдирип келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG