Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Жапаров Жээнбековдун аппаратын башкарган эки жетекчини бошотту


Досалы Эсеналиев. Архивдик сүрөт.
Досалы Эсеналиев. Архивдик сүрөт.

Сооронбай Жээнбеков президент кезинде аппаратын жетектеп келген эки аткаминер ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Аппаратты жетектеп турган Досалы Эсеналиевди Жээнбеков кызматынан кетерден бир күн мурда, 14-октябрда Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна дайындаган болчу. 19-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров аны бул кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эсеналиев президенттик аппаратты 2018-жылдын август айынан бери жетектеп келген.

Жапаровдун 19-октябрдагы дагы бир жарлыгы менен Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин кызматынан бошотулду. Бул кызматка анын ордуна ким дайындалганы азырынча расмий кабарлана элек. Буга чейин ал аппарат жетекчисинин орун басары болчу.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашты. 2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр премьер-министр Садыр Жапаров аткарууда. (RK)

XS
SM
MD
LG