Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Жогорку сот Жапаровду, Мамытовду жана Ташиевди актаган өкүмдү күчүндө калтырды


Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. 2013-жылдын 19-июну.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов. 2013-жылдын 19-июну.

Жогорку сот президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовду жана дагы үч адамды актаган сот өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу 20-октябрда Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул иш 16-октябрда каралып, Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы актоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети жасалып, бир нече адам кармалган. 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу айыбы боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG