Кыргызстанда электрондук патент кызматы убактылуу иштебей турат.
Мамлекеттик Салык кызматы аталган кызматтын ишинде техникалык мүчүлүштүк болуп жатканын билдирди.
Буга байланыштуу 19-20-октябрда маал-маалы менен мекеменин сайтынын жана башка порталдардын иши үзгүлтүккө учурап жатканын кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, учурда техникалык маселелерди чечүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.