Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйын өтүп жатат


Шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйын. 2020-жылдын 20-октябры.
Шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйын. 2020-жылдын 20-октябры.

Бишкекте ушу тапта шайлоо маселеси талкууланган жыйын өтүп жатат. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, белгилүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер, укук коргоочулар катышууда.

Жыйында 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылышына алып келген себептер жана жагдайлар, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар талкууланууда. Шайлоонун ыплас өтүшүнө себеп болгон негизги жагдай катары №2 форманын өтө көп колдонулушу, атаандаштык шартын түзүүгө жети пайыздык шайлоо босогосу жана беш миллиондук күрөө тоскоолдук болгону айтылды.

Шайлоодон кийин Бишкекте нааразылык акциясы өтүп, башаламандык башталган. Анын натыйжасында өлкөдө бийлик алмашты. (RK)

XS
SM
MD
LG