Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Жапыкеев Финпол чуулгандуу иштерди иликтеши керек экенин билдирди


Сыймык Жапыкеев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы.
Сыймык Жапыкеев, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев 20-октябрда кызматкерлер менен биринчи жолу кеңешме өткөрдү.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Финансы полициясы майда-чүйдө иштер менен алектенбей, мамлекеттик бюджетке чоң өлчөмдө зыян келтирген аткаминерлерге, ишкерлерге байланышкан чуулгандуу иштерди иликтөөгө басым жасашы керек экенин айтты.

Сыймык Жапыкеев Финполдун кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери билинип калса, аларга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

«Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев 5-6-октябрдагы массалык акциялардан кийин өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын партиялаштары кабарлаган. 8-октябрга караган түнү ыктыярчылар аны Башкы прокуратуранын имаратына киргизбей койгону тууралуу видео Интернетке тараган.

Жапыкеев 17-октябрда Садыр Жапаровдун буйругу менен Финполду жетектей баштаган. Ал 2009 – 2014-жылдары УКМКнын карамагындагы коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгында прокурор болуп иштеген.(NT)

XS
SM
MD
LG