Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Текебаев шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоого чакырды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бишкекте 20-октябрда шайлоо маселеси талкууланган жыйында алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев парламентти шайлоо мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү колдоп берүүгө чакырды. Ал добуш берүү учурунда бурмалоо, административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу аракеттеринин жана шайлоого криминалдык чөйрөнүн аралашуусунун жыйынтыгы кандай болорун 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары көрсөткөнүн эске салды.

Текебаевдин пикиринде, «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга шайлоо босогосун жана күрөөнү азайтуу тууралуу өзгөртүүлөр кириши керек.

«Биз эркин шайлоону камсыз кылышыбыз керек. Азыр дүйнө өзгөрдү. Мына, социалдык тармактар адамдарды мобилизиция кылып, аларды бириктиргенге шарт түздү. Үйдө отурган кожойкелер деле биригип, коомдук пикирди аныктап коюп отурат. Ушундай шартта шайлоо босогосу минимум болушу керек. Биздин мыйзам да артта калбашы керек. 3-1 пайыз кылып төмөндөтүп, анча-мынча күчү, колдоосу бар партиялар, коомдук уюмдар парламенттеги өкүлдөрүнө ээ болушу керек. Эл аралык уюмдар да шайлоо босогосу үч же андан төмөн пайызды сунуш кылып атышат. Бул карапайым жаштарга, жаңы адамдардын парламентке келишине шарт түзөт», - деди Текебаев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйында шайлоо мыйзамына киргизүүгө сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөргөн.

Буга чейин парламенттеги Алтынбек Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүү, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү мыйзамга киргизүүнү сунуш кылган.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген.

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунушту Бишкекте талкуулаган 20-октябрдагы жыйынга жарандык активисттер, депутаттар, коомдук ишмерлер, журналисттер, БШК мүчөлөрү жана экс-президент Роза Отунбаева катышты. (NT)

XS
SM
MD
LG