Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы тынчтыкты камсыз кылууга чакырды


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабакта атышууну токтотуп, бир үстөлгө отуруп сүйлөшүүгө чакырды.

19-октябрда Тоолуу Карабактагы абал боюнча жабык жыйынга чогулган Коопсуздук кеңешинин 15 өкүлү баары бирдей «кырдаал курчуп» баратканын белгилешкен.

Буга чейин уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш бир нече ирет салгылаштан жергиликтүү тургундар жабыркап жатканын айыптап, эки тарапты тынчтыкка чакырган болчу.

Бирок өткөн түнү эки тарап бири-бирине карата ок атчканы үчүн айыптаган билдирүүлөрдү таратты.

Ал ортодо орусиялык маалымат каражаттары Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин тынчтык сүйлөшүүлөргө даярдыгы жөнүндө жазып чыкты.

Армениянын Коргоо министрлиги соңку үч жуманын ичинде Тоолуу Карабакта 729 аскери каза болгонун кабарлады.

Ал эми Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан бери 61 адам каза таап, 282 киши жаракат алып, эки миңдей үй талкаланганын маалымдаган.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин айыптап жатат.

Бул жолку кагылышуулар бир жагынан Бакунун жакын өнөктөшү Түркия жана экинчи жагынан Ереван мүчө болгон Жаматтык Коопсуздук Келишим Уюмунда лидерлик кылган Орусия катышкан чоң чатакка айланып кетиши ыктымал деп кооптонгондор көп.

XS
SM
MD
LG