Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:03

Бактыбек Сыдыков кайрадан «Манас» аэропортуна жетекчи болду

Бактыбек Сыдыков.
Бактыбек Сыдыков.

Бактыбек Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалды. Сыдыков 21-октябрда жалпы жамаатка тааныштырылганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Аэропорттун жетекчисин ишкананын директорлор кеңеши дайындайт. Сыдыков авиация тармагында буга чейин жалпысынан беш жыл иштеген. 2007-2010-жылдары директорлук кызматты аркалаган.

Бакыт Сыдыков 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген. Атасы белгилүү мамлекеттик ишмер - Үсөн Сыдыков, ал эми уулу Алымбек Бактыбаев Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты.

«Манас» эл аралык аэропортунун карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы беш эл аралык жана жер-жерлердеги алты аймактык аэропорт кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG