Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Жапаров БШКнын президенттин квотасындагы төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөттү. Бул тууралуу 21-октябрдагы жалпы жыйында парламент төрагасы Канатбек Исаев билдирди.

Төрага мамлекет башчынын бул өтүнүчүн парламенттин комитети он күн ичинде, бирок жети күндөн эрте эмес убакыт аралыгында карап чыгышы керек деген норма бар экенин эскертти. Ошондуктан, Исаевдин айтымында, кат тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Депутат Талант Мамытов коомдук талкуу да болушу керек экенин, фракциялар жана комитеттер карашы зарыл болорун айтты.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коом көрсөтөт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Шайлоонун мындай жыйынтыгы үчүн Боршайкомдун дарегине да сын айтылууда. Бирок БШК шайлоонун таза өтүшүнө жалгыз өзү жооптуу эмес экенин билдирүүдө. Буга чейин БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызын жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG