Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Парламент башкы прокурор Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду ээлеген кызматынан бошотууга макулдугун берди. Бул маселе парламенттин 21-октябрдагы жалпы жыйынына коюлуп, бир добуштан кабыл алынды.

Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 21-октябрда карап жактырып, парламенттин кароосуна жиберген.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев ал кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз бергенин билдирген.

Башкы прокурор Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алган жыйынына катышкан. Ал 5-октябрдан бери ишке чыга элек экендиги тууралуу маалымат тараган.

Ушул эле күнү депутат Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызмат өзүнө сунушталганын журналисттерге билдирган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун 6-октябрдагы митинги башаламандык менен коштолуп, өлкөдө саясий кризис башталган.

16-октябрда Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин колдоосу менен өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болгон. Ушул эле күнү парламент Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетүү жөнүндө арызын колдогон.

Мыйзам боюнча башкы прокурорду дайындоо жана иштен алуу тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы кол коет.

XS
SM
MD
LG