Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Ооганстанда 15 адам тебелендиде калып каза болду


Ооганстандын чыгышындагы Желалабад шаарында 15 киши тебеленде калып каза болуп, он адам жабыркады. Окуя Пакистанга виза алыш үчүн бул өлкөнүн консулдугунун алдындагы футбол аянтында миңдеген адамдар чогулган учурда болгон. Каза болгон 15 адамдын 11и аялдар. Бир нече жашы өткөн адам жаракат алды.

Желалабад шаары - өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясынын ири шаары. Быйыл пандемияга байланыштуу Пакистан ооган жарандарына виза берүүнү кескин азайткан. Оогандыктар көбүнесе коңшу өлкөгө дарыланууга барышат. Азырынча окуя боюнча Пакистан элчилигинин кызматкерлери комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG